Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

К.Зулушев: Күбө катары сотко барбай коюуга эч кимде укук жок

Сооронбай Жээнбеков сотко күбө катары чакырылса, барышы керек. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

-Эгер ошондой зарыл талап болсо барып, көрсөтмө бериши керек. А жоопко тартуу, бул өзүнчө маселе, себеби статус бар. Ал эми күбө катары чакырылса, ким болбосун, сотко барып көрсөтмө бериши керек. Күбө катары барбай коюуга эч кимде укук жок, эгер патриот жаран болсо. Эгер аны күнөөлөп жатса, башка. А күбө катары болсо, эгер ошол берилген көрсөтмө менен кылмышка чекит коюлуп же баа бериле турган болсо, менимче, барышы керек-деди Башкы прокурор