Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү окуудан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү Европа Биримдиги тарабынан Борбордук Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү, 10-фаза (БОМКА 10) Программасынын  алкагында уюштурулган "Чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын техникалык-криминалисттик бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана криминалисттик изилдөөлөрдүн эксперттери үчүн Улуттук семинар" темасындагы тренингке катышты.

Аталган 3 күндүк окуу иш-чарасынын жүрүшүндө катышуучулар далилдерди чогултуунун заманбап ыкмаларын, далилдердин ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу каражаттарын, ошондой эле аларды берүү процессин, кылмыш жасаган жерге алгачкы болуп келген адамдардан кылмыш болгон жерди коргоону, Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө далилдерди чогултуу жана берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды окуп үйрөнүштү.

Тренер катары Литва полициясынын соттук – биологиялык изилдөө борборунун башчысы - Т.Бутримас, Литва полициясынын соттук – биологиялык экспертиза борборунун башкы адиси – М.Суджиена катышты.

Мындан сырткары окуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын ИИМинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери дагы катышты.

Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.