Прокурорлор санариптик трансформация шартында окутулду
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо Борбору тарабынан «Прокурордун ишиндеги маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана системалар» темасында онлайн-тренинг өткөрүлдү.
Аталган тренинг Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында уюштурулду.
Прокурорлорду окутууда ведомстволук статистикалык эсепке алууга жана отчеттуулукту уюштурууга, жарандардын кайрылууларын кароо жана электрондук документ жүгүртүү менен байланышкан көйгөйлүү маселелерге, прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө жаңы маалымат системаларын киргизүүгө жана маалымат коопсуздугун камсыздоого басым жасалды.
Иш-чарага прокуратуранын аймактагы кызматкерлери, жетекчилик курамы катышып, алар өткөрүлгөн тренинг Башкы прокуратуранын жетекчилиги койгон талаптарды жана милдеттерди эске алуу менен өз убагында өткөрүлгөндүгүн жана анын актуалдуулугун белгилешти.