Башкы прокуратура «Манас» эл аралык аэропортундагы» коррупциялык схемага байланыштуу жазык ишинин алкагындагы айыпталуучулардын дагы биринин камакка алынгандыгын билдирет.
Мурда кабарлангандай, буга чейин Башкы прокуратура жана Кыргыз транспорттук прокуратураларынын биргелигинде «Манас Менеджмент Компани» жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуу үчүн атайын түзүлгөн туруктуу схема менен мыйзамсыз жеңилдиктер берилгендиги аныкталган.
2021-жылдын 17-февралында жогоруда белгиленген кылмышка шектүү катары «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын башкармалыгынын мурунку төрагасы М.Примбердиев Жазык кодексинин 319-бер. 1-бөл. (коррупция) негизинде кармалып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.