Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууларга карата жана ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган 20 ашык жарандарды кабыл алды.

Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иштөө прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.