Жалал-Абадда салык декларациясын толтурбаган кызматкерлерге карата чара көрүлдү. Арасында аким, виц-мэрлер да бар
Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө бербөөсү жана толук эмес маалыматтар менен берилгендиги боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренеси (“Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү”) менен жалпы 535 укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштөр козголуп, соттук кароого жиберилген.
Сот органдары тарабынан 379 иш боюнча чечимдер кабыл алынып, укук бузуучулар жалпы 1 млн 254 миң сомдук айып пулдарга кириптер болушкан. Азыркы учурга карата булардын ичинен 874 миң сом укук бузуучулар тарабынан төлөнүп, мамлекеттик бюджетке которулган.
Укук бузуучулардын басымдуу бөлүгүн муниципалдык кызматкерлер түзөт - 477, ал эми мамлекеттик кызматкерлер – 58, анын ичинде 18 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 1 райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, 1 биринчи вице-мэр, жергиликтүү соттордун аппаратынын 3 мамлекеттик кызматкери жана 1 мамлекеттик нотариус бар.