БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азиядагы аймактык кеңешчиси менен жолугушуу болду
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо Борборунда прокурорлор менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы кеңешчиси Реда Сиргедиене жана БУУнун кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалоо кеңсесинин өкүлү А.Исабекова менен жолугушуу болду.
Жолугушуунун алкагында прокуратура кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, Борбордун 2021-2025-жылдарга карата институционалдык потенциалын өнүктүрүү, артыкчылыктуу багыттарын аныктап, биргеликте өз ара коррупция, адам сатуу, мигранттарды мыйзамсыз ташуу жана уурдалган активтерди кайра кайтаруу маселелери талкууланды.
Жыйындын аягында Реда Сиргедиене айым, мындан ары дагы иш алып барууга кызыктар экенин билдирип, Борбордун окуу базасы менен таанышып чыкты.