Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Электр тармактарындагы коррупция. “Чыгышэлектр” Нарын филиалынын кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында, Башкы прокуратура тарабынан “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн 667 миң 300 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган. 

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козголгон. 

2022-жылдын 28-февралында Башкы прокуратуранын тергѳѳ тобу тарабынан Тянь-Шань райондук электр тармактарынын начальниги Б.Т.О., “Чыгышэлектр” ААКнын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А., жана Ж.А.М., кармалышып, Нарын ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда аталган сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.