Некролог - Ефремова Валентина Ивановна
2021-жылдын 9-апрелинде Башкы прокуратуранын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Ефремова Валентина Ивановнанын 84 жаш курагында дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Башкы прокуратура маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.
Валентина Ивановна 1937-жылдын 19-февралында Кыргыз ССРинде төрөлгөн.
1959-1964-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку советинин президиумунда иштеген. 1964-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун эмгек жолун Кыргыз ССРинин прокуратурасынын сот отурумундагы кылмыш иштерди кароону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп баштаган. Валентина Ивановна прокуратура органдарындагы кызматтын ар түрдүү тепкичин басып өтүп, 1999-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ардагерлеринин катарын толуктаган.
Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Валентина Ивановнанын жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат.
Прокуратура органдарынын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.