Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кемин райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үй пайдаланууга берилди

Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Абай Молдокматовдун катышуусунда Чүй облусунун Кемин райондук прокуратурасынын оперативдик кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үйдүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш чарага облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 

Беш батирлүү, эки кабаттан турган кызматтык үйдүн курулушу 2021-жылдын 14-июнунда башталып, 7 айлык мөөнөттө бүткөрүлдү.