Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү
2021-жылдын 2-февралында адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыш иштерди тергөөдө ведомство аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну өркүндөтүү, адам сатуунун курмандыктарына укуктук жардам көрсөтүү жана коргоо тутумун түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Адвокаттардын окуу борбору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби, Кыргызстандагы аял-судьялардын ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору, “Кыргызстан Юридикалык клиникаларынын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси, “Кризистик борборлордун ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси жана «Oasis» (Оэйсис) коомдук кайрымдуулук фондунун ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана Winrock International тарабынан Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы аракеттенүү жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Өнөктөштүк жана Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Бул Меморандум анын бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн кеңири чөйрөсүн, анын ичинде адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы аракеттерди, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында адам сатуунун аныкталган курмандыктары жөнүндө маалыматтарды кошкондо, кийин аларга көрсөтүүлүүчү укуктук жардам берүүнү, ошондой эле соттордун, прокурорлордун, адвокаттардын жана адамдарды сатууга байланыштуу иштер боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган окутуу тутумун өркүндөтүү (окутуу, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу), биргелешкен жыйындарды, илимий конференцияларды уюштуруу ж.б. маалыматтарды камтыйт.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Меморандумга Башкы прокурордун орун басары Дж.А.Джаманбаева тарабынан кол коюлду, ал өз кезегинде мындай аянтчаны түзүү адам сатууга каршы ырааттуу күрөшүү жолундагы маанилүү кадам болуп санала тургандыгын жана ведомство аралык өз ара аракеттенүүнү жана ушул багытта кызматташууну өнүктүрүүгө кызмат кылаарын белгиледи.