Прокурорлор, соттор жана адвокаттар үчүн биргелешкен тренингдер өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттарды окутуу борбору менен биргеликте, прокуратура кызматкерлеринин, соттордун жана адвокаттардын катышуусунда «Адам сатууга байланыштуу иштерди караган соттордун мисалында жасалма соттук отурумдарды өткөрүүнүн методикасы» темасында тренингдер өткөрүлдү.
Бул иш-чара Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Адвокаттарды окутуу борбору менен түзүлгөн кесиптик билим берүү жаатындагы өнөктөштүк жана кызматташтык меморандумунун алкагында “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциясынын” колдоосунда уюштурулду.
Тренер катары Бишкек шаардык сотунун судьясы Сабитова Ж.С., Сузак райондук сотунун судьясы Смадиярова А.А., Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары Султанканов Б.С. катышышты.
Тренингдин максаты адамдарды сатууга байланыштуу иштерди караган соттордун мисалында имитациялык соттук отурумдарды өткөрүүнүн окутуу методологиясы жөнүндө катышуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү жөнгө салуучу мыйзамдык база жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле укук колдонуу практикасынын өзгөчөлүктөрүн жана көйгөйлөрүн белгилөө менен бул чөйрөдөгү кылмыштарга тиешелүү көпчүлүк аспектилерге объективдүү баа берүүнү калыптандырууга багытталган.