Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Экстрадиция. Кылмыштуулук менен күрөшүү


Башкы прокуратура тарабынан   Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү алдамчылык боюнча жазык жоопкерчиликке тартуу үчүн, Кытайдын жараны Ян Янхуэйди өткөрүп берүү жөнүндөгү суроо-талабы канааттандырылды.


Ушул жылдын февраль айында эл аралык издөөнүн фигуранты Чүй областынын аймагында Кыргыз Республикасынын Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен биргеликте ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан кармалган. 


Жогоруда аталган адамды өткөрүп берүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына тапшырылган.   


2021-жылынын 23 апрелинде издөөнүн фигуранты “Торугарт-автожолу” чек ара посту аркылуу Кытайдын компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилди.