Прокуратура: Майлуу-Сууда мыйзамсыз берилип кеткен 275 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2010-жылдагы токтомуна ылайык, шаар аймагынан Майлуу-Суу электр лампа заводуна жел тилкеси мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Жер тилкесин кайтаруу максатында, шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.
Мындан сырткары, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуунун четтетүү үчүн, шаардык прокуратура тарабынын сунуштама келтирилип, жыйынтыгы менен 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жалпы 30 460.0 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.