Башкы прокуратура менен Корея Республикасынын Улуттук полиция агенттигинин делегациясы ортосунда жолугушуу болуп өттү
2022-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда, Корея Республикасынын Улуттук полиция агенттигинин делегациясы менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүн санариптештирүү, маалымат технологияларын ишке киргизүү, санариптик криминалистика тармагында тажрыйба алмашуу максатында расмий жолугушуу өттү.
Башкы прокуратура тарабынан Корея Республикасынын Улуттук полиция агенттигинин өкүлдөрүнө “Кылмыштардын бирдиктүү реестри”, “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалымат системалары тууралуу маалымат берилип, мындан ары ишке ашырыла турган укук коргоо блогун санариптештирүү боюнча пландар белгиленди.
Өз кезегинде Корея делегациясы Корея Республикасынын полиция органдарынын, прокуратура жана сот органдарынын автоматташтырылган маалымат системаларын колдонуу жана киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшө кетишти.
Жолугушуунун натыйжасында эки тарап келечекте жогоруда аталган суроолор боюнча оң тажрыйбалары менен дагы да алмашып турууга даярдыктарын билдиришти.