Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Литва Республикасы жана Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда сотко чейинки тергөө жүргүзүү маалыматтык системалар тармагында, ошондой эле криминалдык талдоо ыкмалары, тергөө маалыматтарын колдонуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу болуп өттү

    Үстүбүздөгү жылдын 14-17 июнунда Башкы прокуратуранын жана Кыргыз Республикасынын бир катар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн делегациясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында болуп өткөн, Литва Республикасынын жана Борбор Азия мамлекеттеринин сотко чейинки тергөө жүргүзүү маалыматтык системалар тармагында, ошондой эле криминалдык талдоо ыкмалары, тергөө маалыматтарын колдонуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу семинарына катышты.

         Катышуучулар Литва Республикасынын (IBPS) интеграцияланган кылмыш-жаза-процессуалдык маалымат системасы жана прокуратура, сот органдары, полиция кызматынын сотко чейинки тергөө подсистемалары, анын ичинде программалык модулдарды иштеп чыгуунун бардык баскычтары, укук коргоо органдарынын башка системалары/реестрлери менен байланышын, ошондой эле ушу сыяктуу системаларды Борбор Азия мамлекеттеринде ишке киргизүү тажрыйбалары менен таанышышты. 

         Андан сырткары, расмий баруу алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрүнүн жана Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана атайын эсепке алуулар Комитетинин өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуу жүрүп, эки мамлекеттин укук-коргоо секторлорунун маалымат системаларын оптимизациялоо жана мындан ары жакшыртуу боюнча сүйлөшүлдү.

         Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аталган семинардын жана расмий баруунун алкагында алынган оң тажрыйбаны өз ишмердүүлүгүндө колдонот.