Прокурорлор, судьялар жана адвокаттар биргелешкен тренингге катышышты
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасындагы Адвокаттардын окуу борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында “Жарандык процесстеги тараптардын атаандаштык принциби” темасындагы тренинг башталды.
Тренинг прокурорлорду, жергиликтүү соттордун судьяларын жана адвокаттарды процесстин атаандаштык шартында жарандык иштер боюнча соттук отурумдарга катышуу эрежелерин окутууга багытталган.
Саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А.Молдобаев, ЕС “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү, 2-Фаза” Программасынын эксперти Радост Тофтисова-Матерон чыгып сүйлөштү.
Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө угуучулар оюн сот процессине катышууга, сот адилеттигин ишке ашыруунун жүрүшүндө өздөрүнүн каталарынын үстүнөн иштөөгө, ошондой эле тараптардын атаандаштык шарттарында жарандык иштер боюнча апелляциялык, кассациялык даттанууларды, сунуштарды даярдоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бул окуу иш-чарасы Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү” Программасынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Тренерлер болуп эл аралык эксперт, отставкадагы магистрат, Ардактуу Башпрокурор жана Франциянын магистратурасынын Жогорку кеңешинин мурдагы мүчөсү Жан-Мари-Юе жана жергиликтүү эксперттер катары Чүй областтык сотунун төрагасынын орун басары - И.Горшковская жана КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, АОБнун тренери - Мадина Давлетбаева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жазык, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору - - Алишер Рустамбаев, КР Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун улук прокурору - А.Иманалиевалар чыгышты.