Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Ташкент шаарында өткөн эл аралык семинарга катышышты
Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына болгон үч күндүк иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери “Коррупция менен күрөшүүнүн куралы катары активдерди камакка алуу жана конфискациялоо” темасындагы эл аралык семинарга катышышты.
Иштин тыгыз графигине карабастан, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын Академиясынын башчысы Евгений Коленко менен жолугушууга, ошондой эле Академиянын ишмердүүлүгү, окутуу процессин уюштуруу, анын ичинде дистанциялык форматта окутуу менен таанышууга, криминалистикалык полигонго, электрондук тирге, мультимедиялык студияга жана маалыматтык-ресурстук борборго барууга мүмкүнчүлүк алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А. Молдобаев Академиянын жетекчилиги менен Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын Академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюунун уюштуруу маселелерин талкуулады.
Эки өлкөнүн прокуратура органдарынын окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын тажрыйба алмашуу жана квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды.