Кыргыз Республикасынын прокурорлору, судьялары жана адвокаттары үчүн биргелешкен тренинг өткөрүлдү
2022-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасындагы Адвокаттардын окуу борбору менен кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстөмдүгү – 2-фаза" программасынын көмөгү менен Ош шаарында прокурорлор, жергиликтүү соттордун судьялары жана адвокаттар үчүн "сот процессинин катышуучуларын кесиптик психологиялык коррупцияга каршы даярдоо" темасында бир күндүк тренинг өткөрүлдү.
Бул иш - чаранын тренерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин Башкы катчысы Муканова Н.А. жана социалдык – психологиялык лабораториянын жетекчиси, психология магистри, "Коррупцияга каршы билим берүү мектеби" методикалык колдонмосунун автору Осмоналиева Ч.К. болушту.
Бул тренингдин максаты: коррупциялык жүрүм-турумдун психологиясы; коррупцияга таасир этүүчү саясий, экономикалык жана социалдык-психологиялык процесстер; коррупциялык басым зонасында оппоненттердин психологиялык өзгөчөлүктөрүн пайдалануунун натыйжалуулугу; коррупцияга каршы күрөшүүнүн атайын психологиялык ыкмалары сыяктуу маселелерди кароо болуп саналат.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.