Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Жалал-Абадда аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүндө өз жанын кыюу фактыларын алдын алуу чаралары жүргүзүлдү

Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 12-сентябрдан 14-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарында жайгашкан 704 аскер бɵлүгүнүн, Коргоо министрлигинин 52870 аскер бөлүгүнүн жана Жаза аткаруу мекемесинин 5-батальонунун өздүк курамына аскер кызматын ɵтɵɵдɵ аскердик тартипти сактоо, аскердик кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик, аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги; аскер кызматын ɵтɵɵдɵ кыйноолор жана бирин бири басмырлоолор мыйзамсыз аракеттер; мыйзамда каралган адам укуктарынын чектелүүсүнɵ жол берилбестик жана диндеги мекенди коргоонун орду, ɵзүнүн денесине залал келтирүү, ɵз ɵмүрүн кыюу динге жат кɵрүнүш аталыштарында темаларында сабак ɵткɵрүлдү.

  Аталган маселелерди алдын алуу Аскер прокуратурасынын көзөмөлдүк ишинин эң негизги багыттарынын бири болуп саналып, ага өзгөчө көңүл бурулууда.

  Ал эми, аскердик башкаруу органдарында жана аскердик мекемелерде кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттери байкалган учурда төмөндөгү ишеним телефондоруна кайрылуу зарыл:


Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы – (0312) 62-47-39;

Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы – (0312) 56-01-03;

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы - (03222) 4-25-74;

Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – (03944) 3-28-03;

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – (03622) 5-12-14;

Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – (03722) 2-03-44.


  Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен облусу боюнча ɵкүлчүлүгүнүн, Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлɵрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Баткен облусу боюнча ɵкүлчүлүгүнүн, “Жоокер энелери” Республикалык жоокерлер энелери комитетинин жана Жалал-Абад облусунун Казыятынын ɵкүлдɵрүнүн катышуусунда уюштурулду.