Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Ж А Р Ы Я!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кызматка кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоо боюнча конкурстун катышуучулары!


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кызматка кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоонун Эрежелерине ылайык, 2022-жылдын 14-февралынан тартып талапкерлерди тандоо процессинин кезектеги баскычы - маектешүү башталаарын Сиздерге кабарлайт.

Маектешүү Бишкек шаарынын А.Токтоналиев көчөсүнүн №139 дарегинде  жайгашкан   Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратында  (2-кабат, кичи жыйындар залы) өтөт. 

 Маектешүү графиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын www.prokuror.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

Конкурстун бардык катышуучулары өздүк паспорту (ID) менен келүүсү зарыл жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында имараттын ичинде медициналык беткап тагып жүрүүсү талап кылынат.

Кызыккан бардык суроолор боюнча 0(312) 54-28-52 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.