Прокурорлор аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулук менен күрөшүүгө окутулду
Башкы прокуратуранын кадрлар башкармалыгынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фонду менен биргеликте прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн «Зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттуу операциялык процедуралар» темасында тренингдер өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты кызматкерлерди аялдарга жана кыздарга зомбулук көрсөтүүгө байланыштуу кылмыштардын тергөөсүнө прокурордук көзөмөл жүргүзүү, мамлекеттик айыптоону колдоо, ошондой эле сексуалдык зомбулук учурларда соттук-медициналык экспертизаларды дайындоо методикаларын окутуу болуп саналат. Окутуу теориялык материалдар жана практикалык сабактар менен коштолду.
Аталган тренингдер Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын Программалык кеңсесинин долбоорунун алкагында уюштурулду.