Манас районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Талас областынын Манас райондук прокуратурасы тарабынан райондун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында 2020-2021-жылдар аралыгында мыйзамдардын аткарылышы боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, аталган башкармалыктын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн” жооптуу кызмат адамдары тарабынан акы төлөнүүчү коомдук иштер боюнча фиктивдүү адамдарды көрсөтүү менен айлык акыларын алуу үчүн 2022-жылдын январь айынан тартып, 2022-жылдын август айына чейинки аралыкта ведомостторго ж.б. документтерге жалган маалыматтарды көрсөтүү менен кол тамгаларды жасалмалап, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке олуттуу зыян келтиргендиги аныкталган.
Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.