Прокуратура: Пансионаттын канализациясы экологиялык талаптарга жооп бербегендиги аныкталып, кылмыш иши козголду
Ысык-Кѳл райондук прокуратурасы тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган “Пансионаттын канализациясынан саркынды суулар Ысык-Көлгө агып жатат” деген аталыштагы макала боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Л.Б” пансионатынын тазалоочу курулуштары экологиялык, санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарын бузуу менен иштетилип жаткандыгы аныкталды.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 298-беренеси (“Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүлүүдө