Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу
Укук коргоо органдарынын окуу жайлары менен кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясы тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу контекстинде ИИМ, УКМК, ЖАК жана башка укук коргоо органдарынын окуу жайларында кадрларды кесиптик даярдоо» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын системасындагы кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу болду.
Бул иш-чарага Германиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын эксперттик жана илимий-педагогикалык коомчулугунун өкүлдөрү, ИИМдин, УКМК, ЖАК, Коргоо министрлигинин окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Конференция резолюциялык жыйынтыктоо менен аяктап, анда укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштамалар көрсөтүлдү.