Нарын областтык курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен мамлекетке 4 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
Нарын областтык прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө, Нарын областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына спорт залын курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталды.
Аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшпөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 4 млн. 473 миң 536 сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.