Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокуратуранын өкүлү Париж шаарында болуп өткөн «Терроризмге жана радикалдашууга каршы күрөшүүдөгү эл аралык-укуктук кызматташуу» аталышындагы окуу курсуна катышты

 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкери Э.Камалов 2022-жылдын 26-30 сентябрында Франциянын Париж шаарында «LEICA» программасынын демөөрчүлүгүндө уюштурулган «ENM – Ecole Nationale De La Magistrature» Улуттук магистратура окуу жайында «Терроризмге жана радикалдашууга каршы күрөшүүдөгү эл аралык-укуктук кызматташуу» аталышындагы окуу курсуна катышты.

Аталган окуу курсуна 13 мамлекеттин прокуратура органдарынын жана сот кызматкерлери катышып, терроризмге жана радикалдашууга каршы күрөшүүдөгү укук коргоо органдарынын эл аралык-укуктук кызматташуусунун ролуна жана аны өнүктүрүүнүн багыттарына көңүл бурулду (анын ичинде кылмышкерлерди экстрадициялоо, тергөө тапшырмаларынын аткарылышы ж.б.).