Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Чаткал району: Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков эл менен жолугушууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков укук коргоо органдарына байланыштуу маселелер боюнча жеринде элдин үнүн угуп, аларды чечүүгө аракет көрүү үчүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда.

Жолугушууга райондун баардык аймактарынан келген 300гө чукул жаран катышууда.