Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн даярдоо курсу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын  прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, Борбордун Окуу-тематикалык планына ылайык,  прокуратура органдарына биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлер үчүн аралыктан 5 күндүк окуу курсу өткөрүлдү.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон негизги кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өркүндөтүү максатында курстун катышуучуларына кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдерин практикада колдонуу, коррупцияга каршы күрөшүү, балдардын жана ишкерлердин укуктарын коргоо, шаар куруу жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн методикасы боюнча интерактивдүү сабактар өткөрүлүп, «Кылмыштардын бирдиктүү реестри», «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри»  автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштөөнүн негиздери каралды.

Борбордун директору А.Молдобаев өзүнүн учурашуу сөзүндө прокуратура органдарынын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борбордун биринчи кезектеги милдеттеринин бири экендигин белгиледи.

Лектор катары Борбордун, Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн кызматкерлери болушту.

Окуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Бизнес акыйкатчысынын орун басары Н.Мусуралиев, Бизнес акыйкатчы Институтунун адиси С.Айсанат кызы, ошондой эле адистер  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинен  Осмонкулова А.Б., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен  З. Кангельдиева. С.Туменбаевдер катышышты.