Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокуратура БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын 13-сессиясына катышты

Коррупцияга каршы аракеттенүү жана кылмыш иштери боюнча соттук өндүрүштөр жааты боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында, 2022-жылдын 5-сентябрынан тартып 9-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү Австрия Республикасынын Вена шаарында болуп өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы Конвенциясынын ишке ашырылуусунун кароо боюнча Тобунун
 13-сессиясына онлайн режимде катышышты.

Аталган сессиянын ишине Дүйнөнүн 150 дөн ашуун өлкөлөрүнүн коррупцияга каршы аракеттенүү органдарынын өкүлдөрү болду.

Сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү катышуучуларды Башкы прокуратуранын кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жана кылмышкерлерди экстрадициялоо маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташууну мындан аркы бекемөө жана кеңейтүү боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө маалыматтандырды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан мыйзам чыгаруу реформалары, анын ичинде колдонууга кирген жаңы Кылмыш-жаза кодекси жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, жана Кылмыш-жаза кодексинин кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташуу жаатында тиешелүү нормалары жакшыртылгандыгы жөнүндө катышуучулардын көңүлдөрү бурулду.

Мындан сырткары, аталган иш-чарага катышуучулар тарабынан кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди издөө, аларга камак коюу, конфискациялоо жана кайтарып алуу маселелери боюнча өз ара кызматташууну активдештирүүгө байланыштуу суроолор талкууга алынды.

Ушуга байланыштуу, сессияга катышкан башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн назары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уурдалган кирешелерди кайтарып алуу жана бул жаатта кызматташууну кеңейтүү максатында кылмыш иштери боюнча укуктук көмөк көрсөтүү жана кызматташуу багыттарында чет өлкөлүк мамлекеттер менен ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык келишимдерди түзүү аркылуу көрүлүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө берилген маалыматка бурулду.

Муну менен бирге, конференциянын катышуучулары БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын Штаб-квартирасынын Катчылыгынын 2021-жылдын 4-июнунда БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясынын Башкы Ассамблеясынын жыйынтыгы менен кабыл алынган БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясынын саясий декларациясын аткарылуусун аткаруу тууралуу баяндамасын угушту.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасы БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясын 2005-жылы ратификациялаган жана Башкы прокуратура аны жүзөгө ашыруу боюнча борбордук орган катары аныкталган.