Башкы прокуратуранын өкүлдөрү “Кыргыз Республикасында жеке укукту өнүктүрүү: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты
Жогорку окуу жайлар менен кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери “Кыргыз Республикасында жеке укукту өнүктүрүү: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ченем жаратуу жана укук үстөмдүгү институту жана Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б. Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасы тарабынан уюштурулган.
Конференциянын тематикалык талаасына жеке укукту өнүктүрүү маселелери жана академиялык жана укук колдонуу түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү кирди.
Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун улук прокурору А.Иманалиева “Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдүн актуалдуу маселелери" аталыштагы доклад менен чыгып сүйлөдү.