Башкы прокуратурада уурдалган активдерди издөө, камакка алуу жана кайтарууга багытталган тегерек стол өткөрүлдү
2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында уурдалган активдерди издөө, камакка алуу жана кайтаруу жаатында, ошондой эле параллелдүү финансылык тергөө жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык иш-аракеттердин планын иштеп чыгууга багытталган тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чара коррупциялык ишмердүүлүктүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатып алынган активдерди аныктоо, конфискациялоо жана кайтарып алуу жаатында Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоо боюнча БУУнун Кылмыштуулукка жана баңги заттарга каршы башкармалыгынын долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет.
Аталган долбоорду жүзөгө ашыруунун биринчи этабынын жүрүшүндө БУУнун Кылмыштуулукка жана баңги заттарга каршы башкармалыгынын эксперттери Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ыйгарым укуктуу органдары менен болгон тыгыз кызматташуунун алкагында бул жааттагы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин иш тажрыйбасына жана укуктук актыларга карата талдоо жүргүзүштү.
Тегерек столдун катышуучуларына уурдалган активдерди издөө, камакка алуу жана кайтаруу жаатында, ошондой эле параллелдүү финансылык тергөө жүргүзүүдө улуттук укуктук базаны жакшыртуу боюнча сунуштар, ошондой эле бул багытта Ведомстволор аралык иш-аракеттер планы берилди.
Аталган долбоор БУУнун Кылмыштуулукка жана баңги заттарга каршы башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык офиси тарабынан БУУнун Кылмыштуулукка жана баңги заттарга каршы башкармалыгынын Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн 2022-2025-жылдарга карата Программасынын «Трансулуттук уюшулган кылмыштуулукту алдын-алуу жана аны менен күрөшүү» программачасынын алкагында жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин баңги заттарды эл аралык жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча Бөлүмүнүн колдоосунда жүзөгө ашырылууда.