Прокуратура өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш алып барууда
Алсак, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан орто билим берүү мекемелеринин окуучулары, алардын ата-энелери жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен 87 жолу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууларда, үй-бүлөнү коргоо, жетим балдардын укугун, ошондой эле, профилактикалык иш-чаралар, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын алдын алуу тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, өзгөчө кылмыштуулуктун, өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштуулуктун, эрте никеге туруунун ден-соолука зыяндуу экендигине, педофилия, үй-бүлөдөгү зордук зомбулукка каршы күрөшүү, баңги заттарды колдонууну жана эрте кош бойлуулуктун алдын алуу ошондой эле жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жалал-Абад областык прокуратура органдары тарабынан ички иштер органдарына
өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багыты боюнча ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө 13 сунуштама, 1 талап киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен 10 кызмат адамы тартиптик жоопкерчилике кириптер болушкан.