Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кумтөрдөгү коррупция. Кылмыш ишке тиешеси бар деп мурдагы аткаруучу директор К.Курмановго айыбы угузулду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтор Голд Компани” ЖАКдагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору К.Курмановго Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу”) менен айыбы угузулуп, камакка алуу бөгөт чара тандалып, айыпталуучу К.Курмановго издөө жарыяланды. 

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.