Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура: Жеке менчикке берилип кеткен мектептин жери мамлекетке кайтарылды

Талас областтык прокуратурасы тарабынан мектепке тиешелүү 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып берилди.

Прокурордук текшерүүдө, Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2003-жылы жана 2009-2011-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен К.Султаналиев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 0,75 га жер тилкесин 5 жаранга жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган. 

Жогоруда аталган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура тарабынан сот органына 5 доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылган. 

Жыйынтыгында, Талас областтык прокуратурасы тарабынан Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына прокурордук талап келтирилип, натыйжада 3 млн 750 миң сомго бааланган 0,75 га жер тилке аталган айыл өкмөттүн балансына алынып, К.Султаналиев атындагы орто мектебине өткөрүлүп берилди.