Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Россия Федерациясынын Башкы Аскер прокурору менен жолугушту

2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун орун басары – Башкы Аскер прокурору В.Петров жетектеген расмий делегациясы кабыл алынды. 

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Аскер прокурору юстиция полковниги С.Мукашов жана анын кесиптеши Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун орун басары – Башкы Аскер прокурору В.Петров Куралдуу Күчтөрүндө мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоого байланыштуу өз ара тажрыйба алмашууну, аскердик мүлктөргө жана бюджеттик каражаттарга болгон коррупциялык аракеттердин алдын алуусун, аскердик чөйрөдөгү коррупциялык кылмыштарды иликтөөдө пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү, аскердик кылмыштардын алдын алуусун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары В.Петров СССРдин Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунда, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов жана генерал-лейтенант К.Үсөнбековдун жакындары менен биргеликте, К.Үсөнбековдун эстелигине гүл коюшуп, аларга К.Үсөнбековдун өздүк ишинин архивдик көчүрмөлөрүн тапшырды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Аскер прокуратуралары өз ара кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин ырасташты.