“Макмалалтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду
Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан “Кыргызалтын” ААКнун “Макмалалтын” комбинаты филиалында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, “Кыргызалтын” ААКнун “Макмалалтын” комбинаты филиалынын жана “Кыргызалтын” ААКнун «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 млн 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.