Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар. А.Шакиров көчөсүндөгү 14 кабаттуу үй текшерилди

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү 14 кабаттуу турак үйдүн курулушу боюнча арыз келип түшүп, анын негизинде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, “Б.Х.К” ЖЧКсы тарабынан курулган 14 кабаттуу турак үйдү долбоор боюнча комиссиондук түрдө жеринде ченөө иштери жүргүзүлүп, көп кабаттуу үйдүн түндүк тарабындагы жанаша жайгашкан курулуштан 2,45 метр аралык көрсөтүлсө, иш жүзүндө 1,30 метр түзүп, 1,15 метр долбоордон чыгып кеткендиги аныкталган.

Ал эми, Ош шаарынын архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери өз милдеттерине шалаакылык мамиле жасашып, жеринде текшербестен туруп, курулуп жаткан обьекттерди каттоо журналынын реестрине каттоого алышкан.

Бул факты боюнча Ош шаарынын архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.