Некролог - Матисаков Эрмек
2022-жылдын 10-апрелинде прокуратура кызматкери, Матисаков Эрмектин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маркумдун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт.
Матисаков Эрмек 1941-жылдын 30-мартында Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Мөнөк айылында туулган.
1970-жылдын апрель айында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, ар түрдүү кызматтарды аркалаган.
Матисаков Эрмек, ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде кала бермекчи.
Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
1990-жылдын 27-сентябрынан тартып Ош облусунун прокуратура органдарынын ардагерлердин тизмесин толуктап келген.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.