Прокуратура органдарына кызматка биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлерди окутуу аяктады
Башкы прокуратуранын кадрлар башкармалыгынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан прокуратура органдарына кызматка биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлер үчүн окуу курсу аралыктан өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында, Борбордун 2022-жылга карата Окуу-тематикалык планына ылайык уюштурулду.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өркүндөтүү максатында, катышуучулар кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдерин практикада колдонуу, коррупцияга каршы күрөшүү, балдардын жана ишкерлердин укуктарын коргоо, «Кылмыштардын бирдиктүү реестри», «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» жана «Электрондук ишкагаздарды жүргүзүү Системасы» автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштөөнүн негиздери боюнча окутулду. Аны менен катар кесиптик этика маселесине өзгөчө көңүл бурулду.