Билим берүү жана илимий-изилдөө иштери жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү
2022-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясынын Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын академиясына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын Академиясынын ортосунда билим берүү жана илимий-изилдөө иши жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү.
Иш-чарада Өзбекстан Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары С.Артикова, Башкы прокуратура Академиясынын башчысы Е.Коленко Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А.Б.Молдобаевдер саламдашуу сөздөрүн сүйлөштү.
Борбордун директору А.Б.Молдобаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын борбору менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын академиясынын ортосундагы билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердиги жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумдун маанилүүлүгүн белгилеп, ал прокуратура органдарына жүктөлгөн милдеттерди толук жана сапаттуу аткарууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү бере тургандыгын белгиледи.
Меморандумдун максаты болуп Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын прокуратурасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда кызматташуу, юридикалык илимдин жана практиканын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана өз ара пайдалуу жана макулдашылган шарттарда өткөрүү, юридикалык илим жана практика проблемалары боюнча биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды, форумдарды өткөрүү, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, прокурордук көзөмөл жүргүзүү, илимий, илимий-практикалык, окуу, окуу-методикалык жана башка адабияттар менен алмашуу саналат.
Иш сапардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясы "Прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун актуалдуу маселелери" темасындагы эл аралык тегерек столго катышып, Борбордун директору А. Б. Молдобаев баяндама жасады.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү 2-фаза” Программасынын ишке ашырып жаткан Европа Биримдигине ыраазычылык билдирет.