Башкы прокурор К.Зулушев ШКУга мүчө-мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Казакстанда өткөн жыйынына катышты
Казакстан Республикасынын Башкы прокурору Б.Асыловдун жана Шанхай кызматташтык уюмунун (мындан ары-ШКУ) башкы катчысы Чжан Миндин чакыруусуна ылайык, Башкы прокурор К.Зулушев жетектеген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясы 2022-жылдын 23-сентябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарында болуп өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 20-юбилейлик жыйынына катышты.
Отурумга Индия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башкы прокурорлору, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы катышты.
Жолугушуу конструктивдүү жана түшүнүү, өз ара ишеним жана достук маанайда өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөдө трансулуттук экономикалык кылмыштуулуктун өсүшү, мамлекеттерден мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтарып алуу тажрыйбасы тууралуу пикир алмашуу болду.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын делегация башчылары тийиштүү протоколго кол коюшту.
Кол коюлган Протоколдун алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:
1. Тажрыйба алмашуу жолу менен мамлекеттерден мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокуратураларынын кызматташтыгын чыңдоо;
2. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү улуттук укуктук актыларды, маалыматтык, методикалык, маалыматтык-аналитикалык, илимий жана башка материалдарды, алардын алдын алуу боюнча иш тажрыйбасын, ошондой эле мамлекеттерден мыйзамсыз чыгарылган активдерди издөө, камакка алуу жана кайтарып берүү маселелери боюнча улуттук мыйзамдар жөнүндө маалыматтарды алмашууну улантуу ж. б.
Кабыл алынган чечимге ылайык ШКУга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун кезектеги 21–отуруму Кытай Эл Республикасында 2023-жылы өтөт.
Мындан тышкары, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында Башкы прокурор К.Зулушев Казакстан Республикасынын Башкы прокурору Б.Асылов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.