Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

«Адамдарды сатууга байланыштуу иштерди иликтөө, көзөмөлдөө жана соттук кароо» аталыштагы ведомстволор аралык тренинг уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби, Адвокатуранын окуу борбору жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен кызматташуунун алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) «Борбордук Азиядагы коопсуз миграция» (SMICA) долбоорун ишке ашыруучу «Винрок Интернешнл» жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) техникалык көмөгү менен «Адамдарды сатууга байланыштуу иштерди иликтөө, көзөмөлдөө жана соттук кароо» аталыштагы  ведомстволор аралык тренинг уюштурулду.

Прокуратура органдарынын өкүлдөрү, судьялар, адвокаттар жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү үчүн ушундай эле ведомстволор аралык тренинг буга чейин Ош шаарында өткөрүлгөн.

Тренер катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык - укуктук кызматташтык башкармалыгынын улук прокурору Тилек Кудаяров, Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиева, Кыргыз Республикасынын ИИМинин ГУУР биринчи башкармалыгынын начальниги Марлис Жумабаев жана укук маселелери боюнча эксперт Нурлан Бакиров чыгышты.   

Тренингдин максаты адамдарды сатууга байланыштуу иштерди сотко чейинки жана соттук кароодо ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоо. Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.