Башкы прокуратуранын алдындагы шкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин биринчи отуруму өткөрүлдү
Бүгүн, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Башкы прокурор К.Зулушевдин төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдында түзүлгөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин биринчи отуруму өткөрүлдү.
Консультативдик кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Башкы прокурор К.Зулушевдин чечими менен түзүлүп, бизнес-коомчулук менен мамлекеттик органдардын ортосунда туруктуу диалогду түзүү, ошондой эле ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган.
Консультативдик кеңештин отурумуна Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Башкы прокурордун орун басары, аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, Бизнес-акыйкатчы жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.