Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Аскер прокуратурасы: ӨКМнин Ош башкармалыгынын башчысы УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

31.05.2022-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнин 345-бер. (пара берүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен  катталган кылмыш иштин алкагында Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы жана КРнын МУККнын АКББнын бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларынын натыйжасында бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн  КРнын МУККнын АКББнын бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине пара берип жаткан учурда КРнын ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы “Ж.Ж.” кармалды.

Шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүргүзүлүүдө.