Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетке 1,5 млн сомдук зыян келтиришкен
Ош областтык прокуратурасы тарабынан Өзгөн райондук маданият бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу сарпталышына текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган.
Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызмат адамдары 2018-жылы жана 2021-жылдын ичинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жогорулатылган эсеп менен айрым аймактык маданият үйлөрүнүн жетекчилерине мыйзамсыз айлык акыларды төлөп келишкен. Ошондой эле, иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык акыларды чегеришип, акча каражаттарды өздөрү алып жүрүшкөн.
Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам, мамлекетке жалпы 1 млн 526 миң 859 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча областтык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.