Ала-Букада 9,5 млн сомдук 0,12 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан 9 млн 536 миң сомдук 0,12га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2009-жылы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мурунку жооптуу кызмат адамдары жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, муниципалдык менчиктеги 0,12га жер аянтын 15 миң 570 сомго сатып жибергендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан Ала-Бука айыл өкмөт башчысынын атына прокурордук талап келтирилип, анын жыйынтыгында аталган жер тилке муниципалдык менчикке алынды.