Прокуратура органдарынын прокурордук-тергөө кызматкерлери үчүн окутуу иш-чаралары уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кадрларын даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун 2022-жылга карата окуу-тематикалык планына ылайык, Ош шаарында "Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана жарандарды кабыл алуу боюнча ишти уюштуруу" жана "Прокуратура кызматкеринин кесиптик этикасы. Тартиптик жоопкерчиликке тартуунун укуктук негиздери жана жол-жоболору " аттуу темасында семинарлар өткөрүлдү.
Семинарга Ош, Жалал-Абад жана Баткен гарнизондорунун аскер прокуратураларынын, ошондой эле Ош облусунун жана Ош шаарынын прокуратураларынын 3 жылга чейинки иш стажы бар прокурордук-тергөө кызматкерлери катышты.
Катышуучалардын негизги көңүлү жарандардын прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылууларын сапаттуу жана өз убагында чечүүгө, жарандардын бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө бурулду.
Аны менен катары эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө", "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыктарынын алкагында Борбордун улук прокурору А.К. Иманалиева тарабынан "Прокуратура кызматкеринин кесиптик этикасы. Тартиптик жоопкерчиликке тартуунун укуктук негиздери жана жол-жоболору" жөнүндө лекция окулду.