Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокурорлор, жергиликтүү соттордун судьялары жана адвокаттар үчүн биргелешкен тренинг өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасындагы Адвокаттардын окуу борбору менен өз ара кызматташуунун негизинде "Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен прокурорлор, жергиликтүү соттордун судьялары жана адвокаттар үчүн "Аялдарга карата зомбулукту жана үй-бүлөлүк-тиричилик зомбулугун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү: Кыргызстанда укуктук жөнгө салуу тажрыйбасынын эл аралык стандарттар менен болгон өз ара байланышы" темасында 5 күндүк тренинг уюштурулду.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык кызматкерлери катышууда.

Тренингдин максаты болуп зомбулуктан жабыр тарткан адамдын укуктары жана жабырлануучулардын кызыкчылыгына багытталган стандарттарды колдонуу биринчи орунда турган мезгилде сот адилеттилигинин бардык тармагында аялдарга карата жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө тиешелүү конкреттүү маселелерди катышуучуларга түшүндүрүп жеткирүү саналат. 

Тренингдин аягында катышуучуларга тренер жана лектор катары окутуу процесстерине катышууга мүмкүндүк берген сертификаттар берилет.