Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура: Далил зат катары алынган ири өлчөмдөгү баңгизатты милиция кызматкерлери уурдап алышкан

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышкандыгы аныкталган. 

Жалал-Абад областынын Токтогул РИИБнин айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.